Өзбекстандын президенти Мирзийоев видео-конференция аркылуу өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга өзүнчө токтолуп, үч айга жеткидей дары-дармектердин запасын жеткирүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришкен.
"Канча акча керек болсо беребиз. Ал эми дары-дармектер кымбаттаса, элдин нааразычылыгын жаратат. Биз муну катуу көзөмөлгө алышыбыз керек. Дагы бир жолу айтайын, бизде резервде жок дарыларды алып келебиз. Бирок аларды ордуна жеткирүүдө кыйынчылыктар бар. Ар бир региондо баалар ар кандай. Андыктан резерв түзүп, баага көңүл бурушубуз керек", - деген Мирзийоев.
Мындан тышкары президент тармак жетекчилерине азык-түлүк базарларындагы бааларды көзөмөлдөөнү тапшырды. "Төрт облустун башчылары өз аймактарындагы базарды көзөмөлдөшү керек. Өзбекстанда азык-түлүк көйгөйлөрү жок. Кудайга шүгүр, азыр баары бышып жетти. Калкка сапаттуу жана арзан товарларды жеткирүү боюнча чараларды көрүү керек. Кышка даярдыкты бүгүндөн баштайбыз", - деген өлкө башчы.
Акыркы маалыматтар боюнча, коңшу Өзбекстанда 14 миң 85 адамдан коронавирус аныкталды. 67 бейтап каза болсо, 8 миң 327 бейтап айыгып чыкты.