Орусия жасалма дем алдыруучу аппараттарды (ИВЛ) экспорттоону жандандырды. Бул тууралуу өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров билдиргенин орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, июнь айында өндүрүш иши 35 пайызга көбөйтүлгөн. Айына 60 даанадан 2 миңге чейин аппарт чыгып жатат.
"Түркмөнстанга коргоочу костюмдарды бере баштадык жана Бразилиядагы тендерге даярдык көрүп жатабыз. Антисептик жана дезинфекциялык каражаттарды Перс булуңундагы өлкөлөр сатып ала баштады", - деген Денис Мантуров.