Өлкөдө пневмония жана COVID-19 илдетине кабылгандар бекер дарылана турганы айтылды

"Кыргыз жарандары үчүн пневмония жана COVID-19 илдети менен ооруган бейтаптарды бекер дарылоо туралуу чечим кабыл алынды". Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков брифингде маалымдады.

Коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюуда медицина кызматкерлерди камсыз кылуу үчүн алардын эмгегине акыйкат акы төлөө чечими кабыл алынды. Анда пневмонияны дарылап күндүзгү стационарларда иштеп жаткан дарыгерлерге да компенсациялык төлөөлөр жүргүзүлөт.

Жыл башынан тартып республикалык бюджеттен фонддун бюджетине компенсациялык төлөмдөргө кошумча 233 миллион 700 миң сом бөлүнгөн. Ошондуктан бардык медицина кызматкерлерине, компенсациялык төлөмдөр толук көлөмдө жүргүзүлгөн.

Бардыгы болуп төлөмдөрдү 20 миң 933 медицина кызматкери алышкан, анын ичинде (дарыгерлер - 5 миң 308, орто медперсонал - 9 миң 556, кенже персонал - 3 миң 398, башка медкызматкерлерден - 2 миң 671).

Инфекциянын очогунда иштеген медкызматкерлерге жалпы 503 миллион 600 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөндү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kyrgyzka7
2020-07-16 18:17:13
Молодцы ,ушундай болуш керек эле башыдан!Аптекадан, аптека кыдырып очередке карап,эки эсе кымбат дары алып жатты эле элдер.
0
Nursul
2020-07-16 18:40:33
Анализ тапшырсан 3000 миң сом жатканына да акча алып жатышат анча акчалар кайда ырчылар элден акча чогултуп дары дармек дем алдыруу апаратын алып келип атышат бийлик эч нерсе кылган жок жок дегенде ошо элден түшкөн акчага дары дармек дем алдыруу апаратын алдырса болмок
+3
Nestana95
2020-07-16 19:11:49
Кандай бийлик бул,ага чейин эле алган айлык акылары ушундай болчу!Фучикада больницада иштеген эже айткан эле!Айлыгына 200с жетпей калды,алганым 3000 болсо деп... Эми болсо компенсация кошкондо деп,уят,наалат..жардамга келген акчаны болуп алып,тарап кетти..Дары-дармек, аппарат баарын эл алып берди,эми ошону акчага десенер олдунор го айбандар..эл элди которуп атат.Бизге депутаттардын кереги жок экенин коргоздунор!
+4
Nestana95
2020-07-16 19:15:52
Ушул убакка чейин даярдабаган!Алып келип аппаратын,кайра жуктоп кеткен..тобоо,, ушундайлар да болот экен..Алып келгендин баары элдики,алган акы бийликтегилердин курсагыныкы,,,жаман создун баарын айттырып буттунор го бийликтегилер...аранарда адамбыз дегендерди басып,айбандарды катарынарга кошуп,,уурдап качып,,,акчанын баарын жыйып алып,кантип уктап жатасынар
+1
aiba.8327
2020-07-16 19:21:04
Баарын Эл өзү даярдап алгандан кийин берек деп куйгузбогулочу сволучтар.....
+2
aza84
2020-07-16 19:28:37
Дарысы бекер бекен
0
Luna15
2020-07-16 22:34:31
Азыркы тапта атам пневмония болуп ооруп жатат,больницалар албай частный кундузгу стационарга барып капельница,уколдорун алып атабыз,аларды Бишкектен тааныш билиш кп атып аран таптык,анан кайдагы бекерди айтып куйдурушот,жоктун башын айтып отурушат врачта.Биз жон эле жаткырып уколдорун убагында свйып бергилечи деп жалдырасакда албай коюшту место жок дешип
0
nurali1989
2020-07-16 23:02:26
Бекер эмес акчага даарылап жатышты беле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан