Улуттук онкология жана гематология борборундагы медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды

Бүгүн, 8-май күнү Улуттук онкология жана гематология борборунда 1 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталганы маалым болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

"Коронавирус жуктурган кызматкер менен жакын байланышта болгон медицина кызматкерлери аныкталып, баарынан ПЦР анализи алынды, алар көзөмөлдө болушат. Элдин арасында байланышта болгондор жок, анткени бул дарыгер акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүндө болуп, бейтаптарды кабыл алган эмес.

Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, 10-майга чейин пландалган бейтаптарды кабыл алуу жокко чыгарылды. Эпидемиологиялык иштер уланууда, дезинфекциялык иштер жүргүзүлгөндөн кийин бейтапкана штаттык тартипте иштей баштайт", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан