19-майга карата өлкөдөгү коронавирус тууралуу кабарлардын ток этери менен таанышкыңыз келсе...

19-майга карата коронавирус менен ооруган бейтаптардын ичинен 71 бейтап стационарлардан чыгарылды. Муну менен өлкөдө бул оорудан айыккандардын жалпы саны 898.

Өлкө боюнча сутка ичинде дагы 27 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Муну менен өлкөдө коронавирус аныкталгандардын саны жалпы 1 миң 243кө жетти.

Кыргыз өлкөсүнүн аймагында коронавирус диагнозу менен ооруканаларда 331 адам жатат. Анын ичинен бешөө жандандыруу бөлүмүндө, обсервацияда 2153 адам жатат.

21-майдан баштап соода, соода оюн-зоок борборлор, коомдук тамактануучу жайлар тиешелүү эрежелерди сактоо талабы менен иштей баштай турганын Кубатбек Боронов айтты. 25-майдан тарта Бишкекте коомдук унаа - автобустар жана троллейбустар иштей баштайт.

Жалпы билим берүү мекемелери азырынча иштебейт. Ал эми бала бакчалар боюнча, алардын ачылышы 1-июнга жылдырылды.

Нарын шаарынын биринчи вице-мэринен коронавирус аныкталып, мэриянын имараты 3 күнгө карантинге жабылды.

Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди, 13-апрелди, 14-апрелди, 15-апрелди, 16-апрелди, 17-апрелди, 18-апрелди, 19-апрелди, 20-апрелди, 21-апрелди, 22-апрелди, 23-апрелди, 24-апрелди, 25-апрелди, 26-апрелди, 27-апрелди, 28-апрелди, 29-апрелди, 30-апрелди, 1-майды, 2-майды, 3-майды, 4-майды, 5-майды, 6-майды, 7-майды, 8-майды, 9-майды, 11-майды, 12-майды, 13-майды, 14-майды, 15-майды, 16-майды, 17-майды, 18-майды окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан