Бүгүнкү күндө өлкөбүздө пневмониядан канчалаган жарандарыбыз жабыр тартууда. Ошондуктан, пневмония боюнча коомчулукта түрдүү суроолор жаралып жаткан кези. Бул жолу суроолорго "Дарыгерге сөз" программасында медицина илимдеринин кандидаты, пульмонолог, сомнолог, Кыргыз Республикасынын президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын дарыгери Айзат Мырзаахматова кайрадан жооп берди.
- Өпкөнүн канча пайызы жабыр тартканда антибиотиктерди колдонуу жана кандай өлчөмдө ичүү керек? Дароо эки антибиотикти бир ичүүгө болобу?
- Абдан кызыктуу суроо. Ошол эле учурда биздин жарандарыбыздын баарын сарсанаага салган суроолордун бири.
Өпкөнүн канча пайызы жабыркаганына карабастан, эгер клиникалык симптомдору бар болсо: дене таптын жогорулашы, чыйрыгуу, алсыздык, тамакка болгон табиттин жоголушу, ушул симптомдордун баары үч күн бою уланса, анда антибактериалдык терапияга кошуу зарыл. Албетте, үй-бүлөлүк дарыгердин, пульмонологдун, терапевттин көрсөтмөсү менен гана болушу абзел.
Өз алдынча антибиотиктерди колдонуу менен дарыланууну баштоонун кереги жок. Анткени алар ар кандай болот, ошондуктан сөзсүз үй-бүлөлүк дарыгер менен кеңешүү зарыл. Ошондой эле бир антибиотик менен дарылап баштоо, анын эффективдүүлүгүн 3 күн ичинде байкоо кажет. Эгер 4-күнү ал препараттын эффектиси жок болуп, жардам бербей калганда гана экинчи антибиотикти кошсо болот. Пневмониянын оор түрүндө гана экинчи антибиотик кошулат. Ал дагы дарыгердин көрсөтмөсү менен гана. Бирок эки антибиотик менен бир учурда дарыланып баштоого болбойт.
Протоколдо өпкөнүн 30 пайызга чейин жабыркаганы пневмониянын жеңил түрү болуп саналат. Андан жогору боло турган болсо, дарыгерге сөзсүз кайрылуу кажет.
- Пневмониянын симптомдорун айтсаңыз. Симптомдору жок дагы пневмония болушу мүмкүнбү?
- Бүгүнкү күнгө чейин, тактап айтканда, вирустук пневмонияга чейин керек болсо бактериалдык пневмонияда дагы бейтаптын дене табы жогорулабаган учурлар болот. Бирок бактериалдык пневмонияда сөзсүз дене тап көтөрүлөт. Кээ бир адамдарда, өзгөчө улгайган курактагы 70-80 жаштагы адамдын дене табы жогорулабайт. Ошондуктан, аларда оорунун симптомдору көп байкалбай калышы мүмкүн. Азыркы вирустук пневмонияда практикамда 3 аптада өзгөчө дене табы көтөрүлбөгөн, ошол эле компьютердик томографияда пневмонияны көрсөткөн учурлар катталды. Бирок аларды башка симптомдор: алсыздык, табиттин жоктугу, жөтөлү болгон.
- Ошондо абсолюттук түрдө симптомдору жок пневмония болбойбу?
- Ооба, оорунун жок дегенде минималдуу симптомдору болот. Алар алсыздык, аппетиттин жок болушу, жөтөл.
- Эгер энтигүү болуп, бирок дене тап жогорулабаса, Гепарин колдонууга болобу?
- Энтигүү ар кандай болот. Эгер ал пневмониядан болсо, колдонууга болбойт деп айтабыз. Ал оор бейтаптарга стационарда гана дарыгерлердин көрсөтмөсү менен колдонулушу керек.
- Пневмониядан айыккан соң өпкө кайра калыбына келеби?
- Албетте, калыбына келет. Алгачкы жарым айда дем алуу көнүгүүлөрүн жасоо шарт.
- Коронавирус илдети менен бронх астма жана гипертензияны дарылоо тактикасы тууралуу айтсаңыз.
- Бронх астма жана бардык өнөкөт оорулары бар бейтаптар өзүлөрүнүн негизги дарылануусун уланта бериши зарыл. Мисалы, бронх астма оорусу барлар ингаляциялык препараттарын жана башка дары-дармектерин колдонууну пландуу уланта бериши абзел. Ошону менен ковидге каршы дарыланууну параллелдүү жүргүзө берсе болот.
- Эгер 16 күндөн бери дене табы 37 градус болуп, энтигүү, жөтөл жок болсо, бул пневмония болушу мүмкүнбү?
- Мындай учурда мен рентгенге түшүүнү сунуштаймын.
- Адам оорудан айыкканын кантип билсе болот? Бул үчүн сөзсүз тест тапшыруу кажетпи?
- Кайра 12-13 күндөн кийин тест тапшыруу максатка ылайык болмок. Учурдагы кырдаалга байланыштуу мындай мүмкүнчүлүк болбой жатат. Эгер бейтап өзүн жакшы сезип, оорунун симптомдору жок болсо, өзгөчө ПЦР-анализ тапшыруунун кажети жок деп ойлойм, албетте кырдаалга байланыштуу. Анткени азыр лабораторияларга кайрылгандардын саны өтө көп. Алар биринчи тест тапшырып жаткан болушу мүмкүн. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, тест тапшырып койсо жакшы.
- Дем алуу көнүгүүлөрүн бардык адамдар жасаса болобу?
- Ал көнүгүүлөрдү баары жасаса болот. Керек болсо дени сак адамдар да. Ал болгону пайда гана алып келет.
- Дем алуу көнүгүүлөрүн бейтап оорудан сакайган соң гана жасашы керек дегенге пикириңиз.
- Жок, ал көнүгүүлөрдү пневмония менен ооруп жатканда дагы жасоого болот. Пневмониянын жеңил түрүнөн оор түрүнө чейин ооруп жаткандар баары жасаса болот.
- Кандай дем алуу көнүгүүнү сунуштайсыз?
- Мисалы, диафрагмалдык көнүгүүнү сунуштайм. Дем алуу диафрагма аркылуу өтөт. Тагыраагы, терең дем алып, кайра демди чыгаруу. Мындай көнүгүүлөр учурда актуалдуу болуп жаткан кези. Интернеттен таап, үйрөнүп алууга болот.
- Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз!