Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы дагы 241 адамдан аныкталса 403 бейтап аталган илдетти жеңип чыкты. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.
Бир сутка ичинде COVID-19 катталган жаңы учурлар:
Бишкек - 73
Ош - 13
Чүй облусу – 55
Ош облусу - 22
Талас облусу - 6
Нарын облусу - 3
Ысык-Көл облусу – 38
Жалал-Абад облусу – 19
Баткен облусу - 12
Муну менен өлкөдө коронавирус инфекциясы аныкталгандардын жалпы саны 78 миң 151ге жетти.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Бишкек – 119
Ош шаары – 25
Чүй облусу – 101
Ош облусу – 28
Талас облусу – 4
Нарын облусу – 8
Ысык-Көл облусу – 54
Жалал-Абад облусу – 37
Баткен облусу – 27
Өлкөдө коронавирустан айыккандардын жалпы саны 71 миң 270ке жетти.