Коронавирустун кесепетинен улам өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы аз камсыз болгон жарандар, көп балалуу жана социалдык жардамга муктаж болгон адамдар азык-түлүк тартыштыгы болуп жатканын айтышууда. Кайрымдуу адамдар, ишкерлер, социалдык камсыздоо жайлары жардам көрсөтүп жатышканы менен баарына жетиштүү эмес.
Күнүмдүк жумушта иштеп үй-бүлөсүн камсыз кылган ата-эне 7 баласы бар экенин айтат. Жардамга муктаж болгон үй-бүлө Бишкек шаарындагы Ак-Босого жаңы конушунда жашайт.
"Жолдошум экөөбүздүн 7 балабыз бар. Алардын бешөө мектепте окушат, экөө кичинекей. Бала бакчага киргизгенге мүмкүнчүлүк болбогондуктан, эки баламды өзүм карайм. Жолдошум тигүүчү цехтердин биринде бычмачы болуп иштейт. Үй-бүлөнү камсыз кылган - атабыз.
Вирустан улам карантин жарыяланып кетет деп ойлогон эмеспиз. Карантин жарыяланганда 6 миң сом акчабыз бар болчу. Ошол акчага эң керектүү делинген азыктарды алдык. Акчабыздын көбү эле унга кетти, биринчи сорттогу ундун баасы 1 миң 750 сом болуп кетиптир. Биринчи сорттогу ун бат эле түгөнүп калат деп 2-сорттогу унду (1 миң 200 сом) алып, экөөнү аралаштырып нан жасап жатабыз. Эртең мененкисин балдарга илгеркидей эле атала жасап берип баштадым, үнөм болсун деп. Кечинде тамак жасайын десем пияз түгөнүп калыптыр, аны билгизбей тамак жасадык. 2-3 күндөн кийин азык-түлүгүбүз түгөнөт, ошондо эмне жейбиз деп коркуп жатам. Карантин дагы узарып кетет окшойт.
Негизи баллонго газ толтуруп келип тамак-ашыбызды бышырып алчубуз. Газ түгөнүп калып короодогу чырпыктарды чогултуп, очокко тамак бышырып жатабыз. Коммуналдык төлөмдөр (электр жарыгы, суу, таштанды) үчүн кызмат акыларынын дүмүрчөгү келди. Бирок төлөгөнгө шартыбыз жок, электр жарыгын өчүрсө деле айлабыз жок. 6 балама жөлөк пул берилет. Эгер ошол акча убагында берилсе, коммуналдык кызматтардын акысын төлөйбүз.
Карантиндин биринчи аптасында анча-мынча кем-карчыбызды дүкөндөн карызга жаздырып алып жатканбыз. Туугандардан карыз акча сураганбыз, бирок баарында жок экен. Социалдык жардам болобу деп айыл өкмөтүнө кайрылдым, ал жактан социалдык коргоо фондуна байланыш дешти. Азырынча эки жактан тең жардам жок экенин айтышты. Кыскасы, айла жоктун иши болуп жатат", - дейт үйдүн кожойкеси.
Жардам берүүнү каалагандар 0772 169-144 (ЭЛСОМ) номери аркылуу байланышса болот.