Бүгүн, 18 июлда президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радионун" эфиринде маек берди. Анда президент дүйнө жүзүнө кеңири кулачын жайган коронавирус инфекциясын январь айынан тарта эле жеке көзөмөлүнө алганын айтты.
"Коронавирус тууралуу маалымат өткөн жылдын декабрында тарады. Январдан тарта жеке көзөмөлүмө алгам. Алгачкы күндөн тарта өкмөт менен биргеликте аэропорттордо, чек арадагы өткөрмө пункттарда илдетти киргизбөө иш-чараларын көрө баштаганбыз. Кырдаалды алдын алуу максатында 27-январь күнү Коопсуздук кеңешининин ушул маселеге арналган биринчи жыйыны өтүп, ошол жерде тапшырмаларды бергенбиз. Андан кийин дагы бул маселеге Коопсуздук кеңешинде көп кайрылдык", - деди президент.
Мамлекет башчысы өлкөдө кырдаал курч бойдон экенин баса белгиледи.
"Аны жашырган жокпуз жана жашыра албайбыз. Ондогон мекендештерибиз каза болду. Алардын арасында мен жакшы тааныган белгилүү инсандар да өтүп кетти. Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Чыныбай Турсунбеков, белгилүү диний аалым Чубак ажы Жалилов, окумуштуу Жангороз Каниметов жана башка ондогон атуулдарыбыз бар. Маркумдардын жакындарына көңүл айтып, сабыр тилейм. Бул оорудан көз жумган биздин ар бир мекендешибиздин бейишин тилейм. Жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торко болсун", - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.