Коңшу Өзбекстанда COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 16 миң 966ны түздү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Аталган өлкөдө акыркы бир сутка ичинде 537 адамдан илдет тастыкталган. 152 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган.
Бүгүн, 20-июлга карата Өзбекстанда 16 миң 966 адам коронавирус илдетин жуктуруп алса, 9 миң 297 бейтап сакайган. Тилекке каршы 88 адам оорудан көз жумган.
Өзбекстанда коронавирус инфекциясы алгачкы жолу 15-мартта катталган.