Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант Жеңишбек Жоробековдун элге кайрылуусу.
"Урматтуу мекендештер! Жалал-Абад шаарынын Сузак районунун жашоочулары жана коноктору, өлкөбүздүн аймагына жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо, коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуунун өзгөчө кызыкчылыгын көздөп, 25-март күнү саат 08:00дөн баштап 15-апрель күнү саат 08:00гө чейинки убакытка өзгөчө абал киргизилди. Бул илдетти токтотуу боюнча өкмөттүн алдында түзүлгөн штабдын талаптарын так аткарууну өтүнөбүз. Эгерде өзгөчө абал учурунда коменданттык сааттын (20:00-07:00) жана санитардык-эпидемиологиялык кырдаалдын эрежелери бузулса, укук коргоо органдарынын жана тиешелүү кызматтардын мыйзамдуу коюлган талаптары аткарылбаса, жоопкерчиликке тартууга мажбур болобуз. Мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш аракеттер калкыбыздын, анын ичинде сиздердин ден соолугуңуздар үчүн көрүлүп жаткандыктан, түшүнүү менен мамиле кылууӊуздарга чакырабыз", - деп жазылат кайрылууда.