Кытайда бир суткада 14 адамдан COVID-19 илдети аныкталды

Кытайда бир суткада 14 адам коронавирус илдетине кабылганы тастыкталды. Бул тууралуу Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы берген маалыматка таянып, дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.

Вирус аныкталган 14 адамдын 9у жергиликтүүлөр болсо, калган бешөө Синьцзян-Уйгур автономдук районунан катталган. Акыркы сутка ичинде 23 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган. Инфекция аныкталган күндөн бери Кытайда 80 миң 18 бейтап оорудан айыккан.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кытайда 85 миң 314 адам COVID-19 илдетине кабылып, 4 миң 644 адам каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан