Өзгөчө абал режими токтотулган жана узартылган аймактарда коронавирус менен ооругандардын статистикасы

Бүгүн, 28-апрелде өзгөчө абал режими Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылып, калган аймактарда (Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда, Нарын шаарында) өзгөчө абал режими токтотулуп, өзгөчө кырдаал калары кабарланды.

Бүгүнкү күнгө карата өзгөчө абал режими узартылган жана токтотула турган аймактардагы коронавирус жуктуруп алгандардын канчасы айыгып, канчасы стационарда жатат деп кызыгып көрдүк. Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышканыбызда, стационарлар айрым аймактарда (район, айыл) түзүлбөгөнүн билдирди. "Бейтаптын абалы оорлошуп кетсе, шарты жакшы стационарга которулат. Мындан улам оорулуу жаран айыкканда кайсы аймактын ооруканасынан чыккан болсо, ошол аймактын статистикасына кошулуп, баланча аймактан мынча бейтап айыкты деп эсептелет", - деп билдиришти министрликтен.

Өзгөчө абал режими узартылган аймактарда 28-апрелге карата коронавирус жуктуруп алып ооруканада жаткандардын статистикасы:

Бишкек шаарында 167, Чүй облусун кошкондо жалпы 218. Анын ичинен 95и айыгып, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан чыкты. Бирөө каза болду, калган 122 бейтап стационарларда жатат.

Ош шаарында жалпы 147. Анын ичинен 80 бейтап (облустар аралык биргелишкен клиникалык ооруканасынан 41, шаардык клиникалык ооруканасынан 39) илдеттен арылып, үчөө каза болду. 64 жаран дарылануусун улантууда.

Жалал-Абад шаарында жалпы 8. Облустук биргелешкен клиникалык ооруканасында 49 бейтап дарыланып, анын 41и сакайды. 8 жаран стационарда жатат.

Ат-Башы районунда жалпы 65. Анын ичинен 18и айыгып, 47си стационарда жатат.

Өзгөчө абал режими токтотулган аймактарда 28-апрелге карата коронавирус жуктуруп алып ооруканада жаткандардын статистикасы:

Ноокат районунда жалпы 113. Анын ичинен 93ү айыкса, үчөө каза болду. 17 бейтап дарыланууда.

Кара-Суу районунда жалпы 28. Аталган райондогу аймактык ооруканада 7 бейтап дарыланып, анын бешөө айыкты. 2 бейтап дарылануусун улантып жатат.

Сузак районунда жалпы 85. Аймактык ооруканада 46 бейтап дарыланып, 38и айыкты. Калган 8 бейтап дарылануусун улантууда.

Нарын шаарында жалпы 8. Облустук клиникалык ооруканасында 10 бейтап дарыланып, анын бешөө сакайды. Калган 5 жаран стационарда жатат.

Бул маалыматтар Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтындагы күн сайын жаңыланып туруучу таблицасынан алынды.

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө абал режими киргизилген. Кийин өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылган.

Ал эми Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун аймагына 15-апрелден тартып 30-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
talant87
2020-04-28 20:59:51
Калган ройондордуда ушундай билгилечи админ сураныч
0
nurgaz
2020-04-28 21:07:47
Озгочо абалды орозо бутконго чейин эле калтырыш керек. Орозо айында уйдо эле орозо кармаган жакшы.
-6
ayzirek91
2020-04-28 21:31:07
Бизди алып кеткилечи((
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан