Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу кызматынан кетүүнү чечти. Чет элдик маалымат булактары ал өзүнүн отставкага кетүү боюнча чечимин коменданттык саатка карата айтылган сындар менен байланыштырганын жазышууда.
Түркияда коменданттык саат жарыялангандан кийин жашоочулар топ-топ болуп көчөгө чыгып, дүкөндөрдө узун кезекке турушуп, азык-түлүктөр турган текчелер тазаланып калган. Алардын көпчүлүгү бет кап тагынган эмес жана пандемиянын эрежеси болгон адамдар ортосундагы эрежелер да сакталган эмес. Буга байланыштуу Сойлуну ал жарыялаган коменданттык саат тескери жыйынтык берип жатат деп оппоненттери сынга алышкан.
"Пандемиянын алдын алуу үчүн коменданттык саатты жүргүзүүнүн жоопкерчилиги толугу менен менин моюнумда болчу. Бирок коменданттык саат биз күбө болгон көрүнүштөргө алып келбеш керек эле. Мен элге зыян келтиргим келбейт, ошол үчүн кызматымдан кетем", - деп жазган ал.
Коменданттык саат Түркиянын 30 шаарына жана 1 аймагына киргизилген болчу. Аталган өлкөдө коронавирус менен ооругандардын саны 57 миңге жетип, вирус эң көп жайылган он өлкөнүн катарына кирген.