Ат-Башы районунда коронавирус аныкталган дарыгерлердин 14ү бейтаптар менен иштеп жатып ооруну жугузган

Нарын облусунун Ат-Башы районунда 15 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Алардын ичинен 14ү бейтаптар менен иштеп жаткан учурда инфекцияны жугузган. Бул тууралуу Ат-Башыдагы абал айтылган брифингде район акими Нурбек Сатаров маалымдады.

Анда райондо "Медицина кызматкерлери арасында оору жайылып кетпеш үчүн кандай чаралар көрүлүп жатат?" деген суроо берилди.

"Тилекке каршы, райондо 15 медицина кызматкери ооруну жуктуруп алган. Алардын ичинен бирөө жумуштан сырткаркы учурда ооруга кабылса, калган он төртү бейтаптар менен иштеп жатканда, аларды тейлөөдө ооруну жуктурган. Бардыгына тиешелүү чаралар көрүлүп, дарылоо жүргүзүлүп жатат. Медиктерди коргоо максатында өкмөт, облустук штаб биз сунуштаган каражаттын баарын жөнөттү, бул жаатта маселе жок. Мындан тышкары ар бир медициналык мекемелердеги кызматкерлерге оорудан сактануу жолдорун окутууну талап кылып жатабыз", - деди район акими.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан