Учурда өлкөдө дары-дармек жетишсиздиги толук чечиле элек маселелердин бири бойдон калууда. Айрыкча коронавирус жана анын бир көрүнүшү катары пневмония күч алып жаткан чакта кандын коюуланышын алдын алуу үчүн антиагреганттар менен антикоагулянттар тобуна кирген препараттарды издегендердин саны суюла элек. Бир жыл мурда клексан, гепарин деген дарылар бар экенин көпчүлүк жарандар билбесе деле керек. Бирок азыр абал башка, бул антикоагулянттар коронавирус инфекциясы чакырган пневмонияга даба болуучу бирден бир препараттар экенинен баары кабардар.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы гепарин менен клексан дарылары тууралуу жарандарга кенен маалымат берүүнү чечти. Биздин суроолорубузга "Биовит" фармацевтикалык заводунун техникалык директору Бурканбек Молдоташов жооп берди.
- Саламатсызбы, Бурканбек Суранович. Гепарин деген кандай дары жана ал кайсы учурда колдонулат?
- Гепарин жаныбарлардын организминде, көбүнчө боордо, өпкөдө жана кан тамырларда чогулуучу ак кан клеткалары тарабынан табигый түрдө пайда болуучу татаал молекула. Бул молекуланын өзөгү глицин жана серинаминокислоталарынын калдыктарынан турган белок. Кыскача айтканда, табигый гепарин массасы 3 миң дальтондон 4 миң дальтонго (ред: дальтон - атом, молекула, вирус жана клеткалардын массасын ченөө бирдиги) чейин жеткен чоң гликозаминогликан молекуласы болуп эсептелет. Гепариндин кандын уюп кетүүсүнө жол бербеген касиеттери алгач 1916-жылы ачылган, медицинада колдонулуусу 1936-жылдан башталат.
Медицинада колдонулуучу коммерциялык гепарин жаныбарлардын боорунан, өпкөсүнөн жана ичегилеринин былжырлуу чел кабыктарынан алынат. Молекуласынын массасы орточо 12-16 миң дальтонду түзөт. Гепарин тромбдордун пайда болуусу ден соолукка зыян алып келе турган ар кандай учурларда (мисалы, гемодиализде жасалма кан айландырууда кандын уюп кетүүсүн болтурбоо, өпкө артерияларынын тромбоэмболиясы, терең веналардын тромбозу, курч коронардык синдром, миокарддын инфаркты жана башка) профилактика же дарылоо үчүн колдонулат. Ошондуктан азыркы учурдагы COVID-19 пневмониясы болгон учурларда өпкө жана башка органдарда тромбдордун пайда болуусуна каршы гепариндин колдонулушу мыйзам ченемдүү көрүнүш.
- Негизи ар бир дарынын эл аралык колдонулган аталышы жана ар түрдүү
компаниялар аркылуу чыккан аналогдору болот эмеспи. Ошондой эле гепариндин аналогу болуш керек эле да. Алар бизде сатыкта барбы?
- Азыркы бизде сатылып жаткан гепариндин аналогу жок, бирок гепарин тектүү дары каражаттары бар. Бул нерсени жөнөкөй тил менен түшүндүрүүгө аракет кылайын. Учурдагы гепаринди медициналык тил менен айтканда фракцияланбаган гепарин деп коёбуз. Анын молекуласы чоң болот. Кийинки жылдары окумуштуулар илимий изилдөөлөрдүн негизинде бул чоң молекуланын айрым бөлүктөрү анын негизги касиеттерди берерин байкашкан. Ошондон улам гепариндин чоң молекуласын бир канча майда молекулаларга бөлүп алуу үчүн илимий иштер жүргүзүлгөн. Молекуланы фракцияларга бөлүү аркылуу бир канча майда молекулалар алынган. Мындан гепарин тектүү дары каражаттары келип чыккан. Алар жалпысынан фракцияланган гепариндер же майда молекулалуу гепариндер деп аталышат.
Майда молекулалуу гепариндерге эноксапарин (соодалык аталыштары: Натрий эноксапарин, Оксарбукс, Клексан, Эниксум, Анфибра,Гемапаксан, Фленкос НЕО жана башка), надропарин (соодалык аталыштары: Кальций надропарин, Фраксипарин, Фраксипарин Форте жана башка), парнапарин (соодалык аталыштары: Флюксум жана башка) кирет. Майда молекулалуу гепариндердин молекулалык массасы 3 миң 400 дальтондон 6 миң 500 дальтонго чейин жана фракцияланбаган гепаринге салыштырмалуу эффективдүүлүгү дагы, коопсуздугу жагынан дагы бир топ артыкчылыктарга ээ. Тилекке каршы, майда молекулалуу гепариндер фракцияланбаган гепаринге караганда бир канча эсе кымбат турат. Себеби аларды бөлүп алуу технологияларынын татаалдыгына, аларды иштеп чыгарган заводдордун арасында атаандаштыктын аздыгына, дарылардын технологияларын жана соодалык аттарын патенттөө системиндеги жагдайларга байланыштуу. Ошондуктан экономикалык жагын эске алуу менен кандын уюп кетүүсүн болтурбоо керек болгон көпчүлүк учурларда фракцияланбаган (жөнөкөй) гепаринди колдонуу максатка ылайык.
Мындан тышкары медициналык практикада кыйыр таасир этүүчү антикоагулянттар дагы колдонулат жана аларга варфарин, фениндион, аценокумарол жана башкалар кирет. Кыйыр таасир этүүчү антикоагулянттардын таасири бир канча убакытты талап кылып, көпкө созулат. Бул топтун антикоагулянттары көпчүлүк учурда өнөкөт ооруларды коштогон кандын уюусунун, тромбдун пайда болуусун алдын алууда жана дарылоодо колдонулат. Бирок курч пайда болгон ооруларда, кан тутумундагы процесстерди жакшы абалда кармап туруу үчүн фракцияланбаган гепарин жана майда молекулалуу гепариндерди колдонуу натыйжалуу.
- Биз колдонуп жаткан фракцияланбаган гепаринге карата каршы көрсөтмөлөр барбы?
- Оорулуу адамдын абалына, башка (кошумча) оорунун же өнөкөт оорунун бар экендигине байланыштуу оорулууга жөнөкөй гепаринди берүү кооптуу болуп калышы мүмкүн. Мындай учурларда дарыгерлерге атайын майда молекулалуу гепариндерди пайдаланууга туура келип калат. Демек, кандай гепаринди пайдалануу максатка ылайык экенин ар бир учурда оорулуунун акыбалына карап дарыгерлер чечүүсү керек.
- Гепарин жана гепарин тектүү дары каражаттарын кандын уюп калышын алдын алуу үчүн колдонсо болобу?
- Кандын уюу процесси жана анын бир бөлүгү болгон тромбдун пайда болуусу табигый кубулуш. Ал дененин сырттан жаракат алган учурда гана ишке кирет жана кандайдыр бир деңгээлде дененин өзүн-өзү сактап калуу реакциясы болуп саналат. Демек, кандын уюу жана тромб пайда кылуу касиетинин таптакыр жоголуп кетиши дагы зыяндуу. Анткени мындай учурда кичинекей эле кесилип же тытылып калган жерден же болбосо ички органдардын ички жука челдеринен аккан кан токтобой, дене коркунучтуу кан жоготууга учурайт. Ошондуктан гепарин жана гепарин тектүү дары каражаттарынын каршы көрсөтмөлөрүнө дененин жекече кабыл албоосунан тышкары, кандын токтобой калуусу же ошону менен коштолгон оорулар болгон учурлар кирет. Мисалга алсак, гепариндердин каршы көрсөтмөлөрүнө гемофилия, тромбоцитопения, васкулит, мээ тамырларынын аневризми, геморрагиялык инсульт, шишиктер, ичеги-карын полиптери, боор жана бөйрөктүн функцияларынын бузулушу, кызыл өңгөч веналарынын варикоздук кеңейиши менен коштолгон боор циррозу, башкарылбаган оор артериалдык гипертензия, мээге, омурткаларга, көзгө, эркектин урук чыктагыч безине, боорго же өт бөлүп чыгаруу жолдоруна операция жасалгандан кийинки жакынкы мезгил, жүлүндөн суу алгандан кийинки абал, пролиферативдик диабеттик ретинопатия, айыз келүү мезгили, төрөт жана андан кийинки жакынкы мезгил, кош бойлуулук, бала эмизген мезгил, өпкөдөн кан агуусу сыяктуу учурлар кирет.
- Гепарин жана гепарин тектүү дары каражаттары Кыргыз мамлекетине кайсыл өлкөлөрдөн алып келинет?
- Мыйзамдарга ылайык, Кыргыз өлкөсүнө мамлекеттик каттоодон өткөн же мамлекеттик каттоосуз алып кирүүгө жана колдонууга уруксат берилген дары каражатынын атайын тизмесине кирген дарыларды гана алып кирүүгө жана медицинада колдонууга болот.
Дары каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар департаментинин расмий сайтындагы маалыматка таянып (http://212.112.103.101/reestr), каттоодон өткөн фракцияланбаган жана фракцияланган гепариндердин тизмесин төмөндө келтиребиз.
Фракцияланбаган (жөнөкөй) гепариндер: Пирин (Health Biotech Ltd,Индия), Гепарин-Белмед (РУП "Белмедпрепараты", Беларусь), Гепарин-Фармекс (ООО "Фармекс груп", Украина), Гепарин (СП ООО UZGERMEDPHARM, Өзбекстан), MR Гепарин (ООО Merrymed Farm, Өзбекстан), Гепарин (Aculife Healthcare Private Ltd, Индия), Гепарин натрия (ООО Велфарм, Россия), Гепарин (Московский эндокринный завод ФГУП, Россия), Гепарин (Варшавский фармацевтический завод Польфа АО, Польша).
Фракцияланган (майда молекулалуу) гепариндерден өлкөгө бир гана эноксапарин каттоодон өткөн: Оксарбукс (Brooks LaboratoriesLimited, Индия), Эноксапарин натрия (ЗАО Биокад, Россия). Демек, гепарин жана гепарин тектүү дары каражаттары Кыргыз мамлекетине Индиядан, Беларустан, Украинадан, Өзбекстандан, Орусиядан жана Польшадан алып келинет. Гепарин жана гепарин тектүү дары каражаттары Кыргыз өлкөсүнүн саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик каттоосуз алып кирүүгө жана колдонууга уруксат берилген дары каражаттарынын атайын тизмесине киргизилген эмес, андыктан мыйзам чегинде, жогоруда келтирилгендерден башка гепарин жана гепарин тектүү дары каражаттарын, мисалы, надропарин же парнапарин каражаттарын расмий түрдө азырынча колдонууга болбойт. Кайсыл учурда болбосун, гепариндердин кайсы бир түрүн жана керектүү өлчөмүн колдонуу ар бир бейтаптын абалына жараша дарыгер (же дарыгерлер консилиуму) тарабынан аныкталышы керек.
- Бурканбек Суранович, элге пайдалуу маалымат бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ишиңизге ийгилик каалайбыз!
Урматтуу окурман! Ал эми клексан дарысы тууралуу кенен маалымат кийинки маектерде берилет.