Бишкек менен Чүйдө ооругандар көбөйүүдө. Бир суткада 106 адамдан илдет аныкталса, 68 бейтап айыкты

Бүгүн, 25-мартка карата өлкөдө дагы 106 адамдан COVID-19 жана пневмония илдети аныкталды. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, бир суткада Талас жана Нарын облустарында илдетти жуктуруп алгандар катталган жок.

Бишкек шаары – 61;
Ош шаары – 1;
Чүй облусу – 40;
Ысык-Көл облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 1;
Баткен облусу – 2.

Өлкөдө коронавирус инфекциясы катталган күндөн бери жалпы 87 миң 758 адам жабыркады.

Ал эми соңку сутка ичинде 68 бейтап коронавирус инфекциясынан айыкты делинип, үйлөрүнө чыгарылды.

Бишкек шаары – 30;
Ош шаары – 4;
Чүй облусу – 25;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 7.

Республика боюнча айыккандардын саны 84 миң 407 болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан