Ош облусунун Кара-Суу районунда чагылган түшүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-июль күнү кечинде Сарай айыл аймагына караштуу Миялы айылында чагылган түшүп, табигат кырсыгынын кесепетинен мал кайтарып жүргөн 2007-жылы туулган эркек бала каза болгон.
21-июлда Кара-Суу метеостанциясынын билдирүүсү боюнча, саат 18:45те күндүн күркүрөшү башталып, ал 21:40ка чейин уланган. Буга чейин "ош облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт" деп айтылган.