Акыркы суткада өлкөдө COVID-19 жана пневмония илдетинен сакайды делинип 1 миң 31 адам стационарлардан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.
Бишкек шаары – 365;
Чүй облусу – 78;
Ош облусу – 79;
Талас облусу – 65;
Нарын облусу – 36;
Ысык-Көл облусу – 149;
Жалал-Абад облусу – 109;
Баткен облусу – 33;
Ош шаары – 117.
Республика боюнча аталган оорудан айыккандардын жалпы саны 16 миң 791ди түздү.