Нарын облусуна кирип-чыккан транспорт кыймылына убактылуу чектөө киргизилди

Нарын облусуна кирип-чыккан транспорт кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Коронавирус илдетин алдын алуу жана элдин социалдык байланышына убактылуу чектөө киргизүү талап кылынууда.
Ошол себептен бүгүндөн баштап Нарын облусуна кирип-чыккан автоунаалардын каттамына бөгөт коюлуп, постторго көзөмөл күчөтүлдү. Ушул жагдайды эске алып, убактылуу сапарга чыкпай турууңуздарды эскертебиз.
Облус жетекчилиги тарабынан облустун аймагындагы эл каттамын, транспорт кыймылын көзөмөлгө алуу, тартипти катуу сактоо боюнча Нарын облустук ички иштер башкармалыгына тапшырма берген", - деп айтылат маалыматта.

Нарын облсунда 4 адам коронавируска кабылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
modem4999
2020-03-31 14:17:48
Баарын киргизип жибериптирсинер го , эртерээк кылсанар болбойт беле ушуну?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан