"Президент өз кайрылуусунда коронавирус дүйнөлук экономикага терс таасирин тийгизип жатканын, бирок ошого карабастан Казакстан бул каатчылыктан минималдуу жоготуулар менен чыгууну пландап жатканын айткан. Ошондой эле Токаев өлкөнүн эл аралык резервдери 90 миллиард долларга жакын экенин белгилеп, социалдык чыңалууга жана жумушсуздукка жол бербөө үчүн бардык чаралар жасалып жатканын билдирген. Бул үчүн бюджеттик чыгашалар жарандардын жумуш менен камсыз болуусуна жана бизнести колдоого багытталарын белгилеген", - деп айтылат маалыматта.
16-мартка карата Казакстанда он адамга коронавирус жукканы аныкталган. Буга байланыштуу ал жакта 16-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө кырдаал жарыяланган. Бул убакыт аралыгында эл көп топтолгон оюн-зоок борборлор, кинотеатрлар ишин токтотуп, ар кандай көргөзмөлөргө, спорттук оюндарга жана эл көп чогулган иш-чараларга тыюу салынат.