Вице-премьер-министр Аида Исмаилова орусиялык дарыгерлер менен жолугушту

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Роспотребнадзордун Борбордук эпидемиологиялык илимий-изилдөө институтунун Федералдык бюджеттик илимдер мекемесинин клиника-аналитикалык иштер боюнча директорунун орун басары, профессор Наталья Пшеничная жана Башкортостан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустовдун жетекчилиги астындагы орусиялык дарыгерлердин тобу менен жолугушту.

Орусиядан келген делегация Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине 50 миң иликтөөгө керектелген ПЦР-тесттерди жана реагенттерди берди.

Орусиялык дарыгерлердин тобунда реаниматологдор, инфекционисттер, пульмонологдор жана отоларингологдор бар, алар аймактарга барышып, ооруканаларда коронавирустук инфекцияга кабылган бейтаптарды дарылоого катышат, ошондой эле аймактардагы дарыгерлер үчүн вебинарларды өткөрүшөт.

Жолугушууга Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко жана өлкөнүн медициналык мекемелеринин жетекчилери катышты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2020-07-24 11:08:02
Вице премьер минстирден канчоо бар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан