Орусияда коронавирустан сутка ичинде 130 бейтап каза болду

Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 4 миң 945 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 130 адам каза болсо, 6 миң 494 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 694 (айыккандар 1043);

Свердлов облусунда - 168 (айыккандар 82);

Санкт-Петербурга шаарында - 157 (айыккандар 78);

Москва облусунда - 154 (айыккандар 160) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 897 миң 599 адамдан коронавирус аныкталды. Анын 15 миң 131и каза болсо, 703 миң 175 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан