Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус эң көп кайсы жерден жугарын айтты

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус инфекциясын жуктуруп албоо үчүн түнкү клубдарга жана көңүл ачып бийлөөчү жайларга барбоо сунушун берет. Бул тууралуу аталган уюмдун өзгөчө кырдаалдар бөлүмдүн техникалык тобунун башчысы Мария Ван Керкхов билдирген.

"Акыркы убактарда биз түнкү клубдар жөнүндө эч кандай маалымат айткан эмеспиз. Бирок, алар азыр коронавирусту жуктуруп алуу коркунучу эң көп жаралган жерге кирет", - деген Керкхов.

Мария Ван Керкхов түнкү клубдарды толугу менен жабууга каршы. Бирок, белгилүү бир жерлерде оорунун эң ири очокторун аныктап, адамдардын барышына чектөө киргизип, бир азга жабуу керек.

Ошондой эле көпчүлүк жүргөн жердин коопсуздугун камсыздоого келгендердин өздөрүнүн жоопкерчилиги экендигин баса белгилеген.

Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө коронавирус инфекциясы 15 миллион 511 миң 157 адамдан аныкталды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан