Кореядагы мекендештер тарабынан дарыгерлерге жана элге 5 миң 250 доллар жардам жөнөтүлдү

Кореядагы кыргыз студенттер, мигранттар жана кыргыз коомдук уюмдар тарабынан дарыгерлерге жана элге 5 миң 250 доллар акчалай жардам жөнөтүлдү.

Бул жардам "Биз Барбыз" коомдук кыймылына банк аркылуу жөнөтүлдү.

"Кореядагы мекендештерибизден чогултулган каражат региондордогу дарыгерлерге коргонуучу кийимдер, кол каптар, коргонуучу көз айнектер, респиратордук бет каптары, бахила, чепчик сыяктуу керектүү буюмдарды сатып алууга сарпталат жана "Биз Барбыз" коомдук кыймылы аркылуу региондордогу дарыгерлерге таратылат.

Мындан башка да Кореяда иштеген мекендештерибиз 4 миң 20 доллар топтошуп, 70 упаковка көлөмдөгү ар кандай кан суюлтуучу дары-дармектерин Москва шаарынан Бишкекке 25-июлда жеткирилип, "Биз Барбыз" кыймылы аркылуу региондордогу муктаж болгондорго таратып берилүүсү пландалууда", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asel69
2020-07-26 11:26:40
Тенирге шугур.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан