Коронавируска каршы күрөшүү үчүн футболчу Гүлжигит Алыкуловдун футболкасы аукционго коюлду

Беларусь өлкөсүнүн "Неман" футболдук клубу коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү үчүн Кыргыз өлкөсүнүн жаш жана таланттуу футболчусу Гүлжигит Алыкуловдун футболкасын аукционго койду. Бул тууралуу аталган клубдун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, аукциондон түшкөн каражат коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн кайрымдуулук иштерине жумшалат. Аукциондун баштапкы баасы 25 Беларусь рублдан (811 сом) башталат жана 2-майга чейин уланат.

Гүлжигит Алыкулов "Неман" клубуна былтыркы жылдын февраль айында кошулган, ал эми ушул жылдын январь айында Казакстандын "Кайрат" клубуна өткөн. "Неман" клубунда 2019-жылдын мыкты футболчусу аталган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
erlan2196
2020-04-30 11:50:30
Мен алам 1млн долларга
-10
Aimani
2020-04-30 12:22:47
Темасын окуп алып эле тантырап жаза беришет. Белорусиянын клубу койду деп турат
+5
bond02
2020-04-30 12:40:30
Клуб койгон менен ала турган адам биринчи футболканы кийген футболистти карайт да.
-1
murat17
2020-04-30 13:14:19
Гулжигит мыкты футболчу коро албагандар к.т.к жалагыла
+8
admin_portal
2020-04-30 15:10:05
murat17, этика нормаларын сактаңыз. БАН!
+2
admin_portal
2020-04-30 15:11:21
titanik32, Kalnazarov89, коомдук адепти сактаңыздар. Эскертүү!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан