Араван аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы Журавай Акимжанов коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, ал 24-июлда каза болгон.
Журавай Акимжанов 1953-жылы 18-августта Ош облусуна караштуу Араван районунун Араван айылында туулган.
1976-жылы ал Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун педиатрия бөлүмүн аяктап, балдардын хирург дарыгери адистигине ээ болгон.
Ал өзүнүн эмгек жолун Бишкек шаарындагы №3 шаардык балдар ооруканасынан баштаган. Андан соӊ Ош шаарындагы борбордук ооруканада дарыгер-реаниматолог болуп иштеген.
1980-жылдын сентябрь айынан баштап, 1990-жылдын февраль айына чейин Араван райондук ооруканасында балдар хирургу болуп иштеген.
1990-1994-жылдары ооруканада бөлүм башчы болуп эмгектенген.
1995-жылы медицина кызматкерлеринин демилгеси менен Араван райондук ооруканасында башкы дарыгерлик кызматына дайындалып, ал кызматты 2000-жылдын сентябрь айына чейин аркалаган.
2000-жылдын сентябрь айынан тарта саламаттыкты сактоонун райондук башкы хирургу, хирургия бөлүмүнүн башчысы болгон.