Кечээ, 8-апрелде мектеп окуучуларына буга чейин билим берүү жана илим министри билдирип келгендей "Баластан" телеканалынан дистанциялык окуу сабактары көрсөтүлүп баштады. Онлайн сабактар өлкө тарыхында буга чейин болгон эмес. Бул нерсени эске алуу менен SUPER.KG порталы биринчи күндөгү сабактар тууралуу айрым ата-энелердин пикирин укту.
Билим берүү жана илим министрлиги видеосабактар 200дөн ашык мугалимдин катышуусунда кыргыз жана орус тилинде жазылып, даярдалып жатканын буга чейин маалымдаган. Мындан улам биз ата-энелерден балдары сабактарды кандай кабыл алганын, эмне кемчилик жана артыкчылыктар тууралуу пикирлерин уктук.
Алеся Райымкулова үйүндө телевизор болгону менен антеннасы жок болгонун айтты.
"Анткени үй-бүлөбүз менен көп нерсени ютуб каналынан көрүп, телевизордон көрбөй калдык эле. Ошондуктан сабак башталганда телефондон эле "Баластан" каналына кирдик. Ал жактан телефонду телевизорго кошуп, анан сабакты көрдүк. Биздин ал жакка кирип, көрүүбүз дагы бир топ убакытты алды, тагыраагы, бир сабак бүткөндө кирип калдык. Буга чейин жүгүртмөнү Whatsapp аркылуу таратышкан. Бирок ал жүгүртмө кыргыз тилдүүлөр үчүнбү же орус тилдүү класстар үчүнбү бөлүнүп жазылбаптыр жана толук эмес экен. Биз көрүп олтура бериптирбиз, балам түшүнбөй олтура бериптир.
Бир маалда эле балам түшүнбөй жатканын айтты. Баамымда ал жерде так жүгүртмө жок экен. Экинчиден кыргыз тили сабагы болуп жатат, мугалим бир сүйлөмдү окуду. "Бул жерде канча сүйлөм турат балдар?" деп туруп, "туура айтасыңар" деп кайра өзү айтып койду. Бир ой жаралды окуучу туура айтып жатканын ал кайдан билет? Мындан улам менде ал жерден пауза кылыш керекпи, билбейм айтор, башкача кылып өтүш керек эле деген ой жаралды.
Сабактар Zoom'дан жакшы эле кетип жатат. Кадимки эле мектептегидей мугалимдер сабак өтүүшүүдө. Бул жагын жакшы деп баалап жатам. Эгер интернетиң иштебей калса, шакекче тегеренип көрүнбөй калат экен. Ошого интернеттин жакшы болушу маанилүү экенин аңдадым. Мен бул жерде мугалим окуучулардан сурабай эле теманы түшүндүрүп, толук сабак өткөнүн туура деп эсептедим", - дейт ал.
Гүлназ Борбуева дистанциялык окуу бир аз ыңгайсыздыкты жаратканын билдирди.
"Жаңы ишке ашып жаткан окутууга эч кандай доом жок. Менин 3 балам тең 2-мөөнөттө болгондуктан, ар каналдан бир сабак болуп калганда кыйынчылыктар жаралып калып жатат. Мүмкүн толук иштешпегенби же толук аңдашпаганбы анысын билбейм. Анткени көп балалуу үй-бүлөлөрдө катар-катар балдар окуп калса, алар кандай көрөт деп өзүмчө ойлонуп жатам. Бирок жеке менде анчалык кыйынчылык жок. Себеби балдарымда Кудайга шүгүр, ар биринин өздөрүнүн телефону бар. Мисалы, менин ата-энемдин үйүндө 4 небереси окуп жатат. Айта берсе мындай көйгөйлөр көп, мына ушулар бир аз ыңгайсыз болуп жатат", - дейт Борбуева.
Бактыгүл Татарбекова дистанциялык окуу башталгыч класстын окуучуларына болбой турганын белгиледи.
"Менин оюмча, мындай окутуу студенттерге ылайыктуу болчудай. Башталгыч класстарга болбой турганына көзүм жетти. Анткени башталгыч класс билиминин пайдубалын мектепте түптөп, бекемдейт эмеспи. Окуучуну жеке өз алдынчалуулукка койгону дагы туура эмес. Теманы айтпай эле коёюн, мугалим айткан нерсени түшүнүп, сиңирип алуу окуучуларга эле эмес, ата-энелерге дагы оор болууда.
Убактылуу 1 айча окуп турсак болот, андан узакка созулуп кетүүсүн каалабайм. Анткени баш аламандык башталып, балдардын билими жугумсуз болуп калгыдай. Ар бир ата-эне өз билимибиз, түшүнүгүбүз, дараметибизге жараша түшүндүрүп жатабыз. Бирок ошентсе да баарынын билим деңгээли бир кылка деп айтууга болбойт", - дейт ал.
Бактыгүл Жамшитова баласы мурда өтүлгөн тема кайрадан өтүлгөнүн билдирди.
"Сабактар телеканалдар аркылуу көрсөтүлүп жатты. Балам 7-класста, кызым 5-класста окугандыктан алардын сабактарын көрүп, катыштым. Жакшы деп бааладым, түшүнүктүү жакшы кылып өтүштү. Бирок бир кемчилиги балам мурун өтүлгөн тема кайра өтүлдү деп айтты", - дейт Жамшитова.