Кытайда акыркы сутка ичинде 68 адамдан COVID-19 илдети тастыкталды. Бул тууралуу Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы берген маалыматка таянып, дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.
Маалыматка ылайык, илдет тастыкталган 68 адамдын 64ү жергиликтүүлөрдөн (57си Синьцзян-Уйгур автономдук районунда жана алтоо Ляонин провинциясында жана бирөө Пекинде), төртөө сырттан келгендерден тастыкталган. Бир суткада ооруканадан 16 бейтап айыгып чыккан. Илдет жаңы тастыкталгандырдын 34үндө ооруну симптомдору жок алып жүрүүчүлөр болгон.
Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кытайда 86 миң 783 адам COVID-19 илдетине кабылып, 4 миң 656 адам каза болгон. 80 миң 466 бейтап сакайган.