Блогер Азиза Мурзашова апасы коронавирустан кантип дарыланганы боюнча айтып берди

Блогер Азиза Мурзашова апасы коронавирустан кантип дарыланганы боюнча айтып берди. Бул тууралуу ал Телеграмдагы каналына жарыялады.

"Өзгөчө абал жарыялангандан баштап апам менен иним үйдөн чыгышкан эмес. Бирок атам кооптуу аймакка барганга аргасыз болгон. Жыйынтыгында атам апама коронавирус жуктурган, бирок өзү ооруган эмес. Атам жана апам алсырап, муундары, башы ооруп, дене табы 37 градуска чейин көтөрүлгөн. Жөтөл, дене табынын көтөрүлүшү жогору болгон эмес, коронавирустун белгилери байкалган жок. Ошондуктан ата-энем суук тийген деп ишенишкен. Атамдын кесиптештери ооруганын билгендиктен, тест тапшырууну сурангам. 11-апрелде апам, атам жана иним тест тапшырып, эртеси жыйынтык чыккан. Атам менен инимден вирустун белгилери чыккан эмес. Ал эми апамдан коронавирус аныкталган. 12-апрелде апамды Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына алып кетишти", - деп жазды Мурзашова.

Ал атасы санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵл борборунда эмгектенгенин билдирди. "Борбордун кызматкерлери жаңы вирус жуктуруп алган жерлерге дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү үчүн барышкан. Ушул күндөрү алар бардык дарыгерлердей эле кооптуу делген аймактарда жүрүштү. Тигүүчү цехтин кожоюну коргоочу костюмдарды бергенге чейин кызматкерлер коргоочу шаймандар менен камсыз болушкан эмес. Жыйынтыгында 10 адам коронавирус жуктуруп алышты", - дейт блогер.

Азиза Мурзашова биринчи күндөрү апасынын алсыз үнүн угуп, оор абалда болуп жатканын айтты. "Ал менен күнүгө телефон аркылуу сүйлөшкөн сайын ыйлап, бирок ага билдирбей "апа баары жакшы болот, айыгып кетесиз" деп айтчумун. Апаңа келе албай, аны кучактап, колдоп, кам көрө албай алсыздыгыңды сезүү моралдык жактан абдан оор. Эки күн бою апама дарыгерлер эч нерсе айтпаганын билдирди. Көрсө биринчи күнү эле апамдан анализ алышып, өпкөсүн рентгенге тарткан экен. Апамдын анализи жакшы чыкты. Ал азыркы убакытка чейин иммунитет көтөрүүчү витаминдерди ичип келет. Күндөн-күнгө апамдын ден соолугу жакшырып баштады. Үй-бүлөсүн көрбөй, ооруканада жашап, иштеген медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирем", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан