Ош шаарында "кызыл зонада" эки апта иштеп чыккан дарыгер Талант Эралиев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына эки апта ичинде чогулткан тажрыйбаларын бөлүштү.
Анда COVID-19 илдети менен ооруган бейтаптарды дарылоодо колдонулган бир канча жолдорду айтып өткөн.
"Бүгүн мен COVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылоодогу эки апталык тажрыйбам менен бөлүшө кетейин. Кыйынчылык, кайгы, бир аз кубаныч. Көптөн бери мындай темпте иштеген эмес элем. Бизди фашисттер менен согушуу үчүн бир аралга согушууну үйрөтпөстөн таштап жибергендей сезилет...
"Кызыл зонага" киргенге чейин мүмкүн болгон сунуштарды, статьяларды кайталап окуганга аракет кылдым. Бирок теория жетишсиз болду. Башка клиникадагы кесиптештерим менен сүйлөшүп көрдүм. Бардык жерде бирдей эле дарылап жатышыптыр. Балким, жеңил жана орто оор абалдагы бейтаптарга мындай терапия жардам берер. Бирок абалы оор бейтаптар үчүн бардык учурда эффективдүү боло бербейт. Өтө оор абалдагы эки бейтапты жоготкон соң (каза болгон) биз командабыз менен кайсы бир учурду өткөрүп жибергенибизди түшүндүк. Alma mater'ден жана С.М.Киров атындагы аскердик медициналык академиясынан жардамга дарыгерлер келишти. Ал эми биздин кесиптештердин абалы оор жана өтө оор бейтаптарды дарылоодогу тажрыйбалары менен бөлүшө кетейин. Балким, менин айткан корутундуларым кээ бир бейтаптардын өмүрүн сактап калууга көмөкчү болот.
1. Гормондордон коркуунун кереги жок! Дексаметазон 0.5мг/кг дозада сутка ичинде же орточо 20 миллиграмм (эртең менен 12 миллиграмм жана кечинде 8 миллиграмм гастропротектор менен кандын глюкозасын көзөмөлдөө);
2. 5 күндөн ашык ысытма болсо, сатурация 93 пайыздан төмөн болсо, гормоналдык терапия дайындоо;
3. Абал жакшырганча акырындык менен гормондордун дозасын азайтуу;
4. Метилпреднизолон менен (медрол менен) пульс терапиясын жүргүзүүгө болот. Ошондой эле дозасын төмөндөтүү менен;
5. Антикоагулянттарды төмөн молекулярдык салмакта колдонуу;
6. Курч респиратордук дисстрес синдромунун өтүшүп кеткен түрүндө кычкылтектин жогорку көрсөткүчтөгү вентиляциясы жардамчы болот (70л/мин). ИВЛ аппараты мындай категориядагы бейтаптардын 20сынын 19уна кайгы алып келиши мүмкүн;
7. Эгер ысытма жана бактериалдык пневмониянын симптомдору байкалбаса деле антибиотик терапияга кошулуудан баш тартуу. Кыйынчылыктар пайда болсо, биз өзүбүзгө резерв калтырабыз (дарыгерлер эмнени айтканымды түшүнүшөт);
8. Инфузия растворунан (тамчылатма дары) муну менен плазмалардан (антителасы жок) баш тартуу. Бейтап өзү суюктукту иче албай калган учурларды кошпогондо.
Менин кеңештерим кимдир бирөөгө керек болот деп ойлойм. Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды сактаңыздар", - деп жазган ал.