Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Бул тууралуу президент өзү жергиликтүү басылмаларга билдирген.
"Акыркы убакта көп нерселер жөнүндө айтууга туура келип жатат. Бирок таң калычтуусу сиз бүгүн коронавирусту жуктуруп алган адам менен жолугуп жатасыз", - деген Лукашенко.
Мындан тышкары президент оору эч кандай симптомдору жок өтүп жатканын айткан.
Май айында мамлекет башчысынын пресс-катчысы Наталья Эйсмонт президент өзүн жакшы сезип жаткандыгына байланыштуу коронавируска карата тесттен өтүүнүн эч кандай кажети жок экендигин айткан.
Беларусь өлкөсүндө жалпы 67 миң 366 адамдан коронавирус аныкталды. 543 адам каза болсо, 60 миң 669 бейтап айыгып чыкты.