Өкмөт өлүкканада иштеген медкызматкерлерге дагы кошумча каражат төлөө маселесин карады

Өлкөдө пандемия шартында иштеген патологоанатомдорго кошумча төлөмдөрдү берүү каралды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымында, коронавирус инфекциясынын очогунда иштеп жаткан дарыгерлерге кошумча төлөмдөрдү берүү кайрадан каралды. Буга чейин үч категория боюнча - ооруканаларда, эпидемиянын очогунда жана "Тез жардам" кызматында иштеген медицина кызматкерлеринин маянасына кошумча төлөмдөр берилери айтылган.

"Азыр биз аларга патологоанатомдорду коштук. Өлүкканада иштеген күндөрү медициналык кызматкерлер айына 78 миң сомдон ашык акча алышат", - деди Исмаилова.

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов июль айынан баштап жогорку даражадагы дарыгерлер 72 миң сомго чейин кошумча төлөмдөрдү алганга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Usow
2020-07-29 16:49:08
Айлык алганга жараша жакшыраак иштесин эки олук аялды бири бирине алмаштырбай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан