Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебине 17 миллион 427 миң 47 сом каражат түшкөн. Бул тууралуу аталган министрликтин статс-катчысы Каныбек Адиев билдирди.
"Анын 16 миллион 139 миң 996 сому комиссиянын чечими менен бөлүнгөн. Мындан тышкары өкмөттүн чечими менен турмуштук оор кырдаалда турган адамдарды тамак-аш менен камсыз кылуу үчүн өлкөнүн мамлекеттик бюджеттик резервинен 200 миллион сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Министрликтин сайтында жардамдар кайсы жактан келип түшкөнү жазылган", - дейт ал.