"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 34 миллион 157 миң 176га жетти

Бүгүн, 2-октябрга карата дүйнөдөгү статистикага ылайык, коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 34 миллион 157 миң 176 болду. Анын ичинен 23 миллион 741 миң 658 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1 миллион 17 миң 129 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 7 миллион 276 миң 968 адамдан коронавирус аныкталды. 207 миң 771 адам каза болсо, 2 миллион 860 миң 650 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 6 миллион 312 миң 584 адамдан аныкталды. 98 миң 678 адам каза болсо, 5 миллион 273 миң 201 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 4 миллион 810 миң 935 адам вируска кабылган. 143 миң 952 бейтап көз жумса, 4 миллион 266 миң 525 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан