Бүгүн, 30-июль саат 11:10го карата өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу жаңыланган маалыматтар менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова тааныштырды.
Өлкө боюнча акыркы бир сутка ичинде 631 жарандан коронавирус инфекциясы аныкталды. 17 бейтап каза болсо, 1 миң 131 бейтап айыгып чыкты.
Маалымат жыйынга оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева дагы катышты.