Орусияда коронавирустан сутка ичинде 129 бейтап каза болду

Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 5 миң 509 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 129 адам каза болсо, 9 миң 322 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 678 (1471 бейтап айыкты);

Свердлов облусунда - 215 (740 айыкты);

Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда - 172 (454 айыкты);

Санкт-Петербург шаарында - 162 (93 айыкты) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 834 миң 499 адамдан коронавирус аныкталды. 13 миң 802 адам каза болсо, 625 миң 655 бейтап айыгып чыкты.



Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан