Орусияда алгачкы жолу коронавирустан айыккан адам кайрадан ооруп калды

Орусияда алгачкы жолу коронавирустан айыккан адамдан инфекция аныкталды. Бул тууралуу Гамалеи атындагы эпидемиология жана микробиология илимий борборунун жетектөөчү адиси Фёдор Лисицын "Россия 24" телеканалына билдирген.

"Коронавирустун жаңы түрүн кайрадан жуктурган бир эле клиникалык учур ишенимдүү далилденди", - деген Лисицын.

Анын айтымында, бейтап коронавирустан айыккандан 148 күн өткөндөн кийин кайра ооруп калган.

Мындан тышары Тува Республикасында дагы COVID-19 вирусун кайрадан жуктуруп алышы мүмкүн деген дагы бир бейтап бар. Бирок азырынча тастыктала элек.

Орусияда коронавирус аныкталган адамдардын саны 1 миллион 5 миң адамга жетти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан