Ѳлкѳдѳ ѳзгѳчѳ кырдаал жарыялагандан баштап, Ысык-Кѳл облусунун аймагына кире беришине эки карантиндик санитардык посттор орнотулду. Анда саламаттыкты сактоонун, ички иштер органынын, ѳзгѳчѳ кырдаалдар министрлигинин башкармалыгынын, мамлекеттик мекемелердин жана муниципалдык кызматтарынын кызматкерлери күнү-түнү иш алып барышууда. Аталган посттордо Ысык-Көлгө кирип жаткан жарандардын дене табын, аты-жөнүн тастыктаган күбѳлүктѳрүн жана келе жаткан максаттарын текшерүүдѳн тышкары, ѳзгѳчѳ кырдаал учурунда унаа каттамдарын кыскартуу боюнча түшүндүрүү иштери да жүргүзүлүүдѳ.
Ѳкмѳттүн Ысык-Кѳл облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Акылбек Осмоналиев Балыкчы шаарында болуп, аталган посттордун ишин текшерди. Посттордун ишмердүүлүгүнѳ жооптуу болгон кызматкерлердин берген отчетуна караганда, учурда посттордун аймагында абал туруктуу, унаа каттамынын азайганы байкалууда. Инфекциялык оорунун жугушуна жана жайылышына бѳгѳт коюу максатында Ысык-Кѳл облусуна кирип, чыккандарга убактылуу чектѳѳлѳр киргизилген.
Ѳз учурунда Акылбек Осмоналиев аталган посттордо нөөмөттө турган кызматкерлерге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле карантиндик санитардык посттордон облуска кирип жаткан унаалардын ичинен ѳзгѳчѳ кѳңүлдү азык-түлүк жана эл керектѳѳчү товарларды ташыган оор жүк ташуучу унааларга буруп, алардын тоскоолдуксуз ѳтүүсүнө бардык карантиндик эрежелерди жана коопсуздукту сактоо менен шарттарды түзүп берүүнү тапшырды.