Премьер-министр Кубатбек Боронов Орусиядан келген медицина тармагындагы адистерден турган делегациянын өкүлдөрү менен эпидемияга каршы күрөшүү чараларын жана өлкөнүн коронавируска байланыштуу абалын жакшыртуу боюнча сунуштарды талкуулады. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчы өлкөгө жардам берип, колдоо көрсөткөнү үчүн медицина кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдирди.
Башкортостандын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Евгений Кустов жана Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдык бакубатчылык боюнча Федералдык кызматтын вирусология институтунун директорунун орун басары Наталья Пшеничная коронавирус инфекциясын аныктоо жана дарылоо, анын кесепеттерин жоюу боюнча Орусиянын саламаттыкты сактоо тармагында колдонулган тажрыйба жана сунуштар тууралуу айтып беришти.
Наталья Пшеничная "жергиликтүү медицина кызматкерлери жанын аябастан иштеп жатат" деп белгиледи.
Орусиялык адистер "Семетей" обсервациялык жайын лабораториялык жана дартты аныктоо кызматтары менен камсыз кылуу, лабораториядагы кадрдык курамды күчтөндүрүү жана кошумча топторду түзүү, эпидемиологиялык коопсуздук талаптарын катуу көзөмөлдөө, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу аймактарда компьютердик томография жабдууларынын санын көбөйтүү, медицина кызматкерлерине жеке коргонуучу каражаттарды коопсуз пайдалануу боюнча семинарларды өткөрүү сунуштарын беришти.
Премьер-министр орусиялык медицина кызматкерлерине тажрыйба жүзүндө берген жардамы жана сунуштары үчүн ыраазычылык билдирди.
"Өкмөттүн жана өзүмдүн атымдан биздин өлкөгө келип тажрыйба жүзүндө көмөктөшүп жатканыңыздарга жана бейтаптарды дарылоо боюнча берип жаткан сунуштарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Ишиңиздерге ийгилик жана бекем ден соолук каалайбыз", - деп айткан Кубатбек Боронов. Эпидемиологиялык кырдаал курч болуп турган Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарына көрсөтүлгөн жардамдын маанилүүлүгүн белгиледи.
Премьер-министр тармактык мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берип, күндүзгү стационардагы иштин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жаңы критерийлерди иштеп чыгууну милдеттендирди.
"Кыска мөөнөттүн аралыгында "Семетей" обсервациялык жайын лабораториялык кызмат жана башка керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзгүлө. Мындан тышкары ыкчам түрдө облустарга компьютердик томография алып берүү боюнча ар кыл варианттарды, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагындагы сунуштарды карап чыккыла. Аймактарда ооруп жаткан жарандарды аныктоо, алардын абалы оорлошуп, өтүшүп кеткенине жеткирбей, үймө-үй кыдыруу боюнча иштерди күчөтүү зарыл", - деп белгиледи Өкмөт башчы.