
Бүгүн, 23-марттан тарта Ош шаарына башка райондордон жарандардын кирүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилүүдө. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Анда мэр Таалайбек Сарыбашовдун буйругуна ылайык, шаарга кире турган 7 жерге санитардык-карантиндик посттор орнотулганы айтылат.
"Бул блок посттордо санитардык кызматтардын кызматкерлери дезинфекция иштерин жүргүзүп, айдоочулардын дене табын өлчөп жатышат. Жергиликтүү тургундарга өзгөчө зарылчылык жок болсо, шаардан жана үйлөрүнөн чыкпоо сунушталат", - деп айтылат маалыматта.