Бүгүнкү күнгө карата 816 адам коронавирустан айыгып ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 4-августагы статистикалык маалыматты айтып жатып Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Ага ылайык:
Бишкек шаары – 217;
Чүй облусу – 93;
Ош облусу – 56;
Талас облусу – 64;
Нарын облусу – 20;
Ысык-Көл облусу – 110;
Жалал-Абад облусу – 158;
Баткен облусу – 59;
Ош шаары – 39.
Жалпысынан ооруну 28 миң 743 адам жеңди.