Комендант: "Батирде жашаган адамдардан батир акысын албай, түшүнүү менен мамиле кылышыңыздарды суранам"

Бүгүн, 22-апрелде Өкмөт үйүндө ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев шаардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди.

"Урматтуу шаар тургундары, шаардын аймагында ижара батирлеринде көп жарандар жашайт. Алар өзгөчө абалдын талаптарын сакташып, үйлөрүндө отурушат. Ошондуктан алардын укугун бузбай, колдон келишинче өзгөчө абал бүткөнгө чейин, аларга түшүнүү менен мамиле кылсаңыздар.

Мындан тышкары ижарага алып иштеткен дүкөндөр азыркы абалга байланыштуу толук кандуу иштей албай жатат. Анткени алар да өзгөчө абалдын талаптарын сакташып, үйдө отурушат. Ошондуктан ижарага бергендерге кайрылат элем, сиздер да убактылуу ижара акысын сурабай, колдон келишинче аларды түшүнүү менен карасаңыздар", - деди комендант.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Liliia
2020-04-22 14:04:25
хозяиндин түшүнүүсүн квартиранттар түшүндө көрсө керек. Биздин хозяин эртең алчу квплатаны бүгүн таң атып атпай чалып сурап алды. Элдер албай атыптыр мен бүгүн албасам болбойт , больницага көрүнүшүм керек анан ага керек буга керек деп. Эми го жашагандан кийин беришим керек акчам деле бар болчу аванс алып даярдап койгом. Бирок акчасы жоктор да барда.
+4
Mamiev
2020-04-22 15:06:55
Бир жолу тамакты да азыраак жеп туруунуздарды суранам дебейсинби. Миллиондоп акча бөлүнүп жатат ар бир жаранга беш он миңден болсо жете турган. Дайыны жок. Атайын эсепке 100 миллиондон ашык акча чогулду кече 200 миллион дагы болдунор биринен дайын жок. Жанагы эле эл бири бирине жардам берип келе жатат колуңардан ХХХХХ да келбейт силердин
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан