Америкалык "Novavax" компаниясы COVID-19га каршы вакцинасын сыноодон ийгиликтүү өткөнүн билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Ага ылайык, изилдөөгө 18-50 жашка чейинки ыктыярчылар катышкан. Изилдөө иштеринде вакцина жакшы жыйынтык көрсөткөн. Тагыраагы аларда коронавируска каршы антителолор пайда болгон.
31-июлда АКШнын башкы инфекционисти Энтони Фаучи коронавируска каршы вакцина сыноодон ийгиликтүү өтсө жана коопсуз экендиги аныкталса гана колдонуларын айткан. Балким бул 2021-жылга туура келет деп кошумчалаган.