1-майдан баштап 20 миң ишкердиктин субъектилери иштей баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Анын айтымында, 130 миң жаран иштей баштайт. "Ишканалар кызматкерлерин коронавирус жуктуруп албаш үчүн алдын алат. Эгерде бир адамга жугуп калса, аны менен кошо иштеген адамдардын обсервациясы жана башка чыгымдары ишкана жетекчилигинин мойнуна коюлат. Санитардык талаптарды аткаруу керек", - деди Абылгазиев.