Акыркы сутка ичинде Орусиянын 83 аймагында 5 миң 159 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 144 өлүм катталып, ошол эле убакыт аралыгында 7 миң 878 бейтап айыгып чыккан.
Текшерүүнүн жыйынтыгында ооруган адамдардын 30 пайызында оорунун клиникалык белгилери жок экендиги айтылган.
Сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 691;
Свердлов облусунда - 192;
Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда - 177, калгандары башка аймактардан.
Жалпы оору жуккан адамдардын саны 861 миң 423кө жеткен.
Буга чейин орусиялык басылмалар пансионаттарда коронавирустун экинчи толкуну пайда болушу мүмкүн
деп билдирген.