Ливандын борбору Бейрут шаарындагы ири жарылуудан каза болгондордун саны 100дөн ашты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкен.
Буга чейин министрликтен жарылуудан 78 адам каза болуп, 4 миңден ашуун адам жаракат алгандыгы кабарланган. Каза болгондордун саны дагы да өсүшү мүмкүн. Учурда жарылуу болгон жерде издөө иш-чаралары улантылууда.
Жарылуудан 5 миллиард долларга жакын зыян келтирилгендиги кабарланган.