"Аралыгы 53 чакырым". Казакстандын Азия чемпиону Ысык-Көлдү сүзүп өтөт

Олимпиада оюндарынын катышуучусу жана сууда сүзүү боюнча Азия чемпиону, казакстандык суучул Виталий Худяков Кыргыз өлкөсүнүн бермети болгон Ысык-Көлдү сүзүп өтөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, суучул Ысык-Көлдү 2-августта сүзүп өтмөк. Бирок туруксуз аба ырайынын кесепетинен 2-3 күнгө жылдырылган. Анын машыктыруучусунун айтымында, учурда уюштуруу тобу аба ырайынын туруктуулугун күтүп жатышат.

Виталий Худяков Чолпон-Ата шаарынан Кажы-Сай айылына чейин сүзөт. Аралыгы 53 чакырымды түзөт. Сүзүү учурунда аны суучулдар коштоп жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurik1988
2020-08-06 02:39:42
Менделе сузомда коштоп журсо 70км
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан