Ливандагы жарылуудан улам Бейрут шаарына эки аптага өзгөчө абал режими киргизилди

Ливандын президенти Мишель Аун бүгүн, 5-августта Бейрут шаарындагы ири жарылуудан улам эки аптага өзгөчө абал режимин киргизүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Кечээ, 4-августта Бейрут шаарындагы деңиз портунда ири жарылуу болуп, 100дөн ашуун жаран каза болгон. Ал эми андан жабыр тарткандардын саны өсүп, ооруканалар бейтаптарга толуп калды. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн. Себеби урандылардын астында адамдардын калып калышы толук ыктымал. Учурда куткаруучулар издөө иштерин улантып жатышат.

Ливандын премьер-министри Хасан Дияб 3 күндүк аза күтүү жарыялаган. Бейрут шаарынын губернатору Марван Аббуддун айтымында, жарылуудан улам 300 миңге жакын адам турак жайсыз калды.

Жарылуу порттогу 6 жыл аралыгында 2 миң 750 тонна аммиак селитрасын талаптагыдай сактабагандыктан келип чыккандыгы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан