Казакстанда бир суткада 1 миң 60 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 547 адам вирустун симптомдорун алып жүрүүчүлөр болсо, 513ү ооруну симптомдору жок алып жүрүүчүлөр.
Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 95 миң 942ге жетти. Бул илдеттен жалпы 68 миң 871 бейтап айыккан.